Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 6-февралы № 19
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
5. 2-тиркемеде аталган талапкерлер бул токтом жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-февралындагы № 19 токтомунун 1-тиркемеси
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттары
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.
Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби
Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад шаары
1
Жалал-Абад шаардык кеңеши
Мамасыдыков Бекмамат
"Ата-Журт" фракциясынын токтомунун негизинде
№ 152, 15.12.2012
Ноокен району
2
Ноокен
Курманкулов Акылбек Бегматович
Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган
№ 152, 15.12.2012
3
Достук
Мамасадыков Замирбек Дуйшалыевич
Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган
№ 152, 15.12.2012
Чүй облусу
Ысык-Ата району
4
Узун-Кыр
Акматов Шаадатбек Ильясович
Соттун өкүмүнүн негизинде
№ 157, 15.12.2012
5
Жээк
Сайиндиев Керимкул Акжолтаевич
Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган
№ 20, 25.12.2012
Ысык-Көл облусу
Жети-Өгүз району
6
Жети-Өгүз
Далиев Уланбек Эшенович
Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган
№ 153, 15.12.2012
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 6-февралындагы № 19 токтомунун 2-тиркемеси
Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары
№
Жергиликтүү кеңештердин аталыштары
Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.
Ээлеген кызматы, кызмат орду
Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча БШКнын чечими
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад шаары
1
Жалал-Абад шаардык кеңеши
Турдукулов Кабылжан
Иштебейт
№ 8, 14.01.2014
Ноокен району
2
Ноокен
Нусупбеков Абдыманап Нарынбаевич
Иштебейт
№ 1, 02.02.2014
3
Достук
Алыбаев Абдрашит Шыгаевич
Иштебейт
№ 2, 02.02.2014
Чүй облусу
Ысык-Ата району
4
Узун-Кыр
Сабыров Рустам Нурлагович
АЗС "Шнос", оператор
№ 2, 28.01.2014
5
Жээк
Сейдахматов Адильхан Азисканович
АК "Каниет", айдоочу
№ 1, 17.01.2014
Ысык-Көл облусу
Жети-Өгүз району
6
Жети-Өгүз
Намазбеков Тынчтыкбек Сукешевич
Пенсионер
№ 10, 03.02.2014
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 153 "Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 153
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 152 "Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 15.12.2012 · № 152
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 157 "Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана…Постановление · 15.12.2012 · № 157
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге…Постановление · 22.10.2014 · № 119
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98