# КР УӨ 2010-жылдын 30-сентябры № 132 "Салык салуунун айрым объекттери боюнча мүлк салыгын жана жер салыгын төлөө мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 30-сентябры № 132 "Салык салуунун айрым объекттери боюнча мүлк салыгын жана жер салыгын төлөө мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 132
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204006>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-139/edition/457182/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204006.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 30-сентябры № 132 "Салык салуунун айрым объекттери боюнча мүлк салыгын жана жер салыгын төлөө мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу жөнүндө" Декрети (30.09.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204006

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

2010-жылдын 30-сентябры УӨ № 132

Салык салуунун айрым объекттери боюнча мүлк салыгын жана жер салыгын төлөө мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасында инвестициялык климатты жакшыртуу жана туристтик сезонду колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Төлөө мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленсин:

- 2 жана 3-топтогу мүлк объекттери: Ысык-Көл облусунун пансионаттары, санаторийлери, ден соолукту чыңдоочу жайлары, балдар лагерлери жана эс алуу үйлөрү, мейманканалары боюнча мүлк салыгы - тең үлүштө, экинчи жана үчүнчү кварталдарда, мүлк объекттин жайгашкан жери боюнча, өтүп жаткан кварталдын үчүнчү айынын 20сына чейинки мөөнөттө;

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 342-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө аталбаган Ысык-Көл облусунун пансионаттарынын, санаторийлеринин, ден соолукту чыңдоо жайларынын, балдар лагерлеринин жана эс алуу үйлөрүнүн, мейманканаларынын жерлери боюнча жер салыгы - тең үлүштө, экинчи жана үчүнчү кварталдарда, өтүп жаткан кварталдын биринчи айынын 20сынан кеч эмес мөөнөттө.

2. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары ушул Декретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.

3. Бул Декрет 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет жана 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р. Отунбаева
