# 9-берене. Мамлекеттик материалдык резервди түзүүдө жана башкарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4927/edition/542001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204001/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 9-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-9

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органды жана мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын аныктайт;

2) мамлекеттик материалдык резервди түзөт;

3) мамлекеттик материалдык резерв тутумунун түзүмүн жана бул тутумду башкаруу тартибин аныктайт;

4) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасын жана топтоо ченемин бекитет;

5) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат;

6) материалдык техникалык баалуулуктар менен камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды белгилейт;

7) ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмегин бекитет;

8) мамлекеттик материалдык резервдин тутумуна кирген уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жана чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу үчүн аларга мүлктү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат;

9) мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды кошумча салуу жөнүндө чечим кабыл алат;

10) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо үчүн арналган объекттерди жайгаштыруу жана куруу боюнча чечимдерди кабыл алат;

11) мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруунун тиешелүү эрежелерин бекитет;

12) мамлекеттик материалдык резервди сактоону жүзөгө ашыруучу чарбакер субъекттердин чыгымдарынын ордун толтуруунун, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, гуманитардык жардам көрсөтүү жана рынокко жөнгө салуучу таасир тийгизүү үчүн чыгарылуучу мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары үчүн чыгымдардын ордун толтуруунун тартибин аныктайт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-10)
