# 6-берене. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык баалуулуктардын номенклатурасы жана аларды топтоо ченемдери

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4927/edition/542001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204001/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 6-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-6

---

1. Мамлекеттик материалдык резервдеги материалдык баалуулуктардын номенклатурасы, ошондой эле бул номенклатураларды иштеп чыгуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Мамлекеттик материалдык резервде материалдык баалуулуктарды топтоонун ар жылдык көлөмү бул максаттарга республикалык бюджетте учурдагы финансылык жылга каралуучу каражаттардын чегинде мамлекеттик тапшырма түрүндө аныкталат. Мамлекеттик тапшырма ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жыл сайын берилүүчү мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасынын чыгарылышынын жана толукталышынын план-божомолуна негизделет.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-7)
