# 4-берене. Мамлекеттик материалдык резервди дайындоо

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4927/edition/542001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204001/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 4-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-4

---

Мамлекеттик материалдык резерв төмөнкү максаттар үчүн арналат;

1) табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча биринчи кезектеги жана кечиктирилгис иштерди киргизүүдө мамлекеттин керектөөсүн камсыз кылуу;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген өзүнчө план-тапшырмага ылайык өзгөчө жана согуштук абалы киргизилген учурларда, мобилизациялоодо же согуш убагында мамлекеттин керектөөсүн камсыз кылуу;

3) мамлекеттин ар кандай экономикалык тармактарына жана уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

4) ички рынокто материалдык-техникалык ресурстардын суроо-талабы менен сунуштарынын ортосунда дал келбестик келип чыкканда экономиканы турукташтыруу боюнча чараларды камсыз кылуу;

5) өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткаруу;

6) гуманитардык жардам көрсөтүү;

7) рынокко жөнгө салуучу таасир көрсөтүү.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-5)
