# 23-берене. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан контролдоону жүзөгө ашыруунун тартиби жана принциптери

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4927/edition/542001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204001/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 23-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-23

---

1. Ыйгарым укуктуу орган ведомстволук караштуулугуна жана менчигинин формасына карабастан жооптуу сактоочуларда жана ошондой эле башка субъекттерде турган материалдык баалуулуктардын болгону жана сапаттуу сакталышы үчүн контролду жүзөгө ашырат.

2. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык жана сапаттык сакталышына контроль жүргүзүүгө тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жана адистерин тартат. Материалдык баалуулуктардын болгонун жана сапаттык сакталышына контроль жүргүзүүгө тартылган мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана адистерине акы төлөө негизги иш ордунан жүргүзүлөт.

Ыйгарым укуктуу орган материалдык баалуулуктардын сандык жана сапаттык сакталышына контроль жүргүзүүгө жеке менчик уюмдарда иштеген адистерди тартууга укуктуу. Аларга акы төлөө ыйгарым укуктуу органдын эсебинен жүргүзүлөт.

3. Ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери ыйгарым укуктуу орган тарабынан өткөрүп берилген материалдык баалуулуктардын сандык жана сапаттык сакталышына контроль жүргүзүү максатында жайларга кирүүгө укуктуу.

4. Материалдык баалуулуктардын болгону жана сапаттык сакталышы үчүн контролдун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарында каралган документтер түзүлөт.

5. Ыйгарым укуктуу орган жүргүзүлгөн контролдоонун натыйжалары боюнча материалдарды мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоо жана пайдалануу тартибин бузууга күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн укук коргоо органдарына жиберүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-24)
