2-берене. Терминдер жана аныктамалар
Күчүндө · 26.05.2014 редакциясы
2-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 2-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ушул Мыйзамда төмөнкү терминдер жана аныктамалар пайдаланылат: окшош материалдык баалуулуктар - мамлекеттик материалдык резервден чыгарылган материалдык баалуулуктарга салыштырмалуу даярдоо мөөнөтү кеч, чыгарылган материалдык баалуулуктар менен бирден же алар менен функционалдуу арналышы, колдонулушу, сапаты жана техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча салыштырмалуу техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келген материалдык баалуулуктар; мамлекеттик резерв - өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда кечиктирилгис иштерди камсыз кылуу, мамлекеттин экономика тармактарына жана уюмдарга колдоо көрсөтүү, гуманитардык жардам көрсөтүү жана рынокко жөнгө салуучу таасир тийгизүү үчүн стратегиялык материалдардын жана товарлардын запастары, материалдык баалуулуктардын запастары; мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды салуу - мамлекеттик материалдык резервде сактоо үчүн материалдык баалуулуктарды кабыл алуу; мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды карызга алып туруу - мамлекеттик материалдык резервге кийин кайтарып берүү менен сапаты боюнча окшош тең сандагы, КМСке (Кыргыз мамлекеттик стандартына), МОСТторго ылайык келген жана ушул Мыйзамда аныкталган мөөнөттөрдө материалдык баалуулуктарды белгилүү бир шарттарда мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу; мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды алмаштыруу - буюмдарды даярдоонун стандарттарынын жана технологиясынын өзгөрүлгөндүгүнө байланыштуу жаңы номенклатурага жана топтоо ченемдерине ылайык мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды бир эле убакта салуу менен мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу; мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары - мамлекеттик материалдык резервге сактоого коюлган жана салынган товарлар (продукция); мобилизациялык резерв - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мобилизациялык пландарда белгиленген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн арналган, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар, өзгөчө жана согуштук абалы киргизилген, мобилизациялоо учурларында же согуш убагында мобилизациялык тапшырманы аткаруу үчүн зарыл материалдык баалуулуктардын запастары; мобилизациялык тапшырма (план-тапшырма) - Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн муктаждыктарын канааттандыруу жана калкты ченемдүү камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген өзгөчө мезгилде өнөр жай жана айыл чарба продукцияларынын маанилүү түрлөрүн салуу жана чыгаруу боюнча эсеп жылына план; номенклатура - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген материалдык баалуулуктардын тизмеги жана аларды топтоо ченемдери; мамлекеттик материалдык резервдин запастарын жаңылоо - материалдык баалуулуктарды, тараларды, таңгактарды сактоонун белгиленген мөөнөтү аяктаганына байланыштуу, ошондой эле аларды сактоонун белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин сакталуучу материалдык баалуулуктардын сапатынын бузулушуна же начарлашына алып келүүгө жөндөмдүү жагдайлардын келип чыгышынын кесепетинен бир эле убакта мамлекеттик материалдык резервге бирдей сандагы окшош материалдык баалуулуктарды жөнөтүү жана салуу менен мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу; жооптуу сактоочу - менчигинин формасына карабастан, ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилүүчү ап материалдык баалуулуктарды пайдалануу укугун ага бербестен мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сактоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жак; мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын которуштуруу - мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын аларды жоопкерчиликтүү сактоону жүзөгө ашыруучу бир уюмдан ушундай сактоону жүзөгө ашыруучу башка уюмга, же ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча жүзөгө ашырылуучу мында ары сактоо же көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктарды сатуу үчүн мамлекеттик материалдык резерв тутумунун уюмдарына акысыз өткөрүп берүү; мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын брондон чыгаруу - мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу, анын ичинде эсептен чыгаруу максатында; убакыттагы айырма - мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу менен мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды кайтарып берүүнүн ортосундагы убакыт аралыгы; ыйгарым укуктуу орган - аткаруучу жана контролдоочу иш-милдеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык мамлекеттик материалдык резервдин тутумун жетектөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган; сактоо - сырьелорду, материалдарды жана товарларды узак сактоодо эрежелерге жана нускамаларга ылайык мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сандык-сапаттык сактоону камсыз кылуу; мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын өзүм билемдик менен пайдалануу - өзүндө жоопкерчиликтүү сактоодо турган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жоопкерчиликтүү сактоочу тарабынан мамлекеттик материалдык резервди башкарууну жүзөгө ашыруучу буга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатысыз пайдалануу же сатуу; мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жоопкерчиликтүү сактоо - мамлекеттик материалдык резервге салынган материалдык баалуулуктардын жоопкерчиликтүү сактоочулар тарабынан сакталышын камсыз кылуу; материалдык баалуулуктарды мамлекеттик материалдык резервге жөнөтүү - материалдык баалуулуктарды уюмда сактоо үчүн сатып алуу жана (же) жүктөө (жеткирүү).
Берененин тексти 26.05.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/204001/st-2" title="2-берене - Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>