# 19-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын ташууну камсыз кылуу

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4927/edition/542001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204001/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 19-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-19

---

1. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын которуштуруу үчүн транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келишимдин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

2. Транспорттук ишканалар жана уюмдар:

1) мамлекеттик материалдык резервдин бардык материалдык баалуулуктарын салмагын же орундарынын санын (жүктүн түрүнө жараша) милдеттүү түрдө текшерүү менен ташпырышат жана кабыл алышат;

2) ташылып жаткан мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын сандык-сапаттык сакталышы үчүн кийин тиешелүү коштомо документтерди милдеттүү түрдө берүү менен толук материалдык жоопкерчилик тартышат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-20)
