# 16-берене. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштыруу

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4927/edition/542001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204001/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 16-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-16

---

1. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктары ыйгарым укуктуу органдын түзүмүнө кирген бөлүмдөрдө жана уюмдарда жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочуларда жайгаштырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик материалдык резерв тутумунун ишканаларын, мекемелерин жана уюмдарын жана башка объекттерин жайгаштыруу жана куруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоону жүзөгө ашырган ишканалардын жана уюмдардын тизмеги, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасы жана топтоо ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

4. Мобилизациялык жана башка атайын тапшырмалар белгиленген ишканалар, мекемелер жана уюмдар мобилизациялык резервден материалдык баалуулуктарды жайгаштырууну, сактоону, өз убагында жаңылоону, алмаштырууну, ошондой эле чыгарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-17)
