# 14-берене. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө тапшырыктарды түзүү

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4927/edition/542001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204001/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 14-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-14

---

1. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө мамлекеттик тапшырыкчы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.

2. Мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө тапшырыктар ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге жайгаштырылат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө тапшырыктарды жайгаштыруу, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу боюнча өз иш-милдеттерин мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жоопкерчиликтүү сактоочуларга контракттык (келишимдик) негизде өткөрүп берүүгө укуктуу.

4. Товардык рынокто үстөмдүк абалды ээлеп турган жөнөтүүчүлөр, ошондой эле монополист-ишканалар мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүгө келишимдерди түзүүдөн баш тартууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-15)
