# 12-берене. Мамлекеттик материалдык резерв тутумун каржылоо

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4927/edition/542001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204001/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 12-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-12

---

1. Мамлекеттик материалдык резерв тутумун күтүү жана өнүктүрүү, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүү, мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды салуу, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын тейлөө, мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды чыгаруу, брондон чыгаруу жана мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды которуу менен байланышкан чыгашаларды каржылоо республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын карызга алып туруу, убакыттагы айырма менен жаңылоо, алмашуу, брондон чыгаруу жана сатуу тартибинде чыгарганда үстөктөрдүн жана кошуп эсептөөлөрдүн өлчөмдөрү белгиленет, алар ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарын жана башка чыгашаларын жабуу үчүн пайдаланылат.

3. Жаңылоо, алмашуу, брондон чыгаруу менен байланышкан же башка негиздер боюнча мамлекеттик резервден чыгарылуучу материалдык баалуулуктарды алуучулар тарабынан төлөнүүчү каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык пайдаланылат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-13)
