# 11-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик материалдык резерв жаатындагы ыйгарым укуктары

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4927/edition/542001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204001/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 11-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмаларынын негизинде аларга ведомстволук караштуулуктагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын аймагында мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштыруу жана сактоо боюнча сунуштарды киргизишет;

2) ведомстволук караштуулуктагы аймактарда мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын түзүү, сактоо жана пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылышат;

3) мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмеги боюнча сунуштарды даярдайт, алар менен келишимдерди түзүүдө көмөк көрсөтүшөт;

4) мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды жөнөтүүдө жана салууда жана аларды сактоодо уюмдарга жардам көрсөтүшөт;

5) аларга ведомстволук караштуулуктагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда мобилизациялык резервди түзүү үчүн жоопкерчилик тартышат;

6) зарыл болгон учурда, мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик материалдык резервден материалдык баалуулуктарды карызга алып туруу же чыгаруу жөнүндө сунуштар, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды салуу жөнүндө сунуштар менен кайрылышат.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдын ишине кийлигишүүгө укуксуз.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-12)
