# 1-берене. Мамлекеттик материалдык резерв түшүнүгү

- Документ: [Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204001)
- Толук аталышы: КР 2014-жылдын 26-майындагы № 78 "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4927/edition/542001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204001/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө, 1-берене (26.05.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-1

---

1. Мамлекеттик материалдык резерв ушул Мыйзамда каралган максатта жана тартипте пайдаланууга арналган материалдык баалуулуктардын мамлекеттик өзгөчө кол тийгис запас болуп саналат.

2. Мамлекеттик материалдык резерв өзүнө эки өзгөчөлөнгөн, бири-бирине көз карандысыз резервди: мамлекеттик жана мобилизациялык камтыйт. Мамлекеттик материалдык резервди түзүү, сактоо жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамында жана башка ченемдик укуктук актыларында жөндөлөт.

Мамлекеттик материалдык резервдин курамына мобилизациялык муктаждыктар (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн камсыз кылуу үчүн стратегиялык, оперативдик жана аскердик запастар), жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын кесепеттеринин алдын алуу жана жоюу боюнча биринчи кезектеги чараларды көрүү, гуманитардык жардам көрсөтүү жана рынокко жөнгө салуучу таасир этүү үчүн арналган материалдык баалуулуктардын запастары кирет.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/204001/st-2)
