# 8-статья. Салык консультантынын квалификациялык сертификаты

- Документ: [Салык консультанттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 8-майындагы № 37 "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 января 2012 года № 5 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О налоговых консультантах" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203605)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/204#diff=1111173..1111174>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-191/edition/1111171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык консультанттары жөнүндө, 8-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-8

---

1. Салык консультантына экзамендерди ийгиликтүү тапшырган адамдар жана экзамендер бербей туруп, квалификациялык сертификат алууга укуктуу болгон адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген формада квалификациялык сертификат алышат.

2. Квалификациялык сертификат чектелбеген мөөнөткө берилет. Салык консультантын квалификациялык сертификаттан ажыратуу же анын колдонулушун токтото туруу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана негиздер боюнча жүргүзүлөт.

3. Экзамендерди бере албай калган адамдар кайталап аттестациядан өтүүгө алты айдан кийин гана укуктуу.

(КР 2012-жылдын 28-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-9)
