# 6-статья. Салык консультантынын экзамендерине киргизилген адамдар

- Документ: [Салык консультанттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 8-майындагы № 37 "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 января 2012 года № 5 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О налоговых консультантах" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203605)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/204#diff=1111173..1111174>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-191/edition/1111171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык консультанттары жөнүндө, 6-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-6

---

1. Көз каранды эмес салык консультанттары болууну каалаган адамдар салык консультанттарынын кесипкөй уюмуна экзамендер жарыяланган күнгө чейин кеминде бир ай мурда мөөнөттө арыз беришет.

2. Экзамендерге төмөндөгүдөй талаптарга жооп берген:

1) экономикалык же юридикалык адистик боюнча жогорку же атайын орто билимге ээ болгон жана экономикалык, финансылык, эсепчилик-аналитикалык, контролдук-текшерүүчү же укуктук иште үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар;

2) пайда көздөгөн атайын кылмыш үчүн соттуулугу болбогон адамдар киргизилет.

3. Салык консультантынын милдеттерин бузгандыгы үчүн квалификациялык сертификатынын күчү токтотулган адамдар анын күчү токтотулган учурдан тартып 5 жылдын ичинде экзамендерге киргизилбейт.

(КР 2012-жылдын 28-январындагы № 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-7)
