# 5-статья. Салык консультантын аттестациялоо

- Документ: [Салык консультанттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 8-майындагы № 37 "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 января 2012 года № 5 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О налоговых консультантах" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203605)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.01.2012 [Закон КР от 28 января 2012 года № 5 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О налоговых консультантах" "](https://aqlex.ai/kg/doc/203605); 17.10.2008 [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/204#diff=1111173..1111174>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-191/edition/1111171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык консультанттары жөнүндө, 5-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-5

---

1. Салык консультанты болууну каалаган жеке жактарды аттестациялоо бул адамдардын салыктык консультация берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн кесиптик, квалификациялык жарактуулугун аныктоо максатында аттестациялык комиссияга алардын экзамендерди берүү жолу менен же ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бергенде жүргүзүлөт.

2. Ушул Мыйзамга ылайык экзамен берүүгө милдеттүү болгон жана экзамендер берүүдөн бошотулган бардык талапкерлер аттестациядан өтүүгө тийиш.

3. Салыктык консультация берүүнү жүргүзүү укугуна экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкер салыктык консультация берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.

4. Аттестациялык (квалификациялык) комиссия бизнес-ассоциациялардын, окуу жайлардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салыктар, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле фискалдык саясат функциясы бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн катышуусу менен салык консультанттарынын кесипкөй уюму тарабынан түзүлөт.

Салык консультанттарынын кесипкөй уюму - салык консультанттарынын коомдук бирикмеси жана (же) алардын ассоциациясы (союзу). Салык консультанттарынын региондук кесипкөй уюмдары болбогон учурда ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн аймактык субъекттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен квалификациялык сертификатты берүү үчүн аттестациялык (квалификациялык) комиссияны түзүү укугу тиешелүү адистерди даярдоого адистешкен региондук жогорку окуу жайларына берилет.

5. Аттестациялоо салык консультанты болууну каалаган, ушул Мыйзамда белгиленген аларга карата коюлган талаптарга жооп берген жана экзамендерге киргизилген бардык адамдар үчүн жылына эки жолу жүргүзүлөт.

6. Экзаменде тематикалык суроолордун тизмеги аттестациялык (квалификациялык) комиссия тарабынан аныкталат жана салык салуунун, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун, ишкананын экономикасынын жана финансысынын, укук негиздеринин маселелерин милдеттүү түрдө камтыйт.

7. Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобо, ошондой эле аттестацияны өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2012-жылдын 28-январындагы № 5 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-6)
