5-статья. Салык консультантын аттестациялоо
Күчүндө · 29.11.2021 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 января 2012 года № 5
1. Салык консультанты болууну каалаган жеке жактарды аттестациялоо бул адамдардын салыктык консультация берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн кесиптик, квалификациялык жарактуулугун аныктоо максатында аттестациялык комиссияга алардын экзамендерди берүү жолу менен же ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бергенде жүргүзүлөт.
2. Ушул Мыйзамга ылайык экзамен берүүгө милдеттүү болгон жана экзамендер берүүдөн бошотулган бардык талапкерлер аттестациядан өтүүгө тийиш.
3. Салыктык консультация берүүнү жүргүзүү укугуна экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкер салыктык консультация берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга укуктуу.
4. Аттестациялык (квалификациялык) комиссия бизнес-ассоциациялардын, окуу жайлардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, салыктар, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле фискалдык саясат функциясы бар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүнүн катышуусу менен салык консультанттарынын кесипкөй уюму тарабынан түзүлөт.
Салык консультанттарынын кесипкөй уюму - салык консультанттарынын коомдук бирикмеси жана (же) алардын ассоциациясы (союзу). Салык консультанттарынын региондук кесипкөй уюмдары болбогон учурда ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн аймактык субъекттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен квалификациялык сертификатты берүү үчүн аттестациялык (квалификациялык) комиссияны түзүү укугу тиешелүү адистерди даярдоого адистешкен региондук жогорку окуу жайларына берилет.
5. Аттестациялоо салык консультанты болууну каалаган, ушул Мыйзамда белгиленген аларга карата коюлган талаптарга жооп берген жана экзамендерге киргизилген бардык адамдар үчүн жылына эки жолу жүргүзүлөт.
6. Экзаменде тематикалык суроолордун тизмеги аттестациялык (квалификациялык) комиссия тарабынан аныкталат жана салык салуунун, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун, ишкананын экономикасынын жана финансысынын, укук негиздеринин маселелерин милдеттүү түрдө камтыйт.
7. Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобо, ошондой эле аттестацияны өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2012-жылдын 28-январындагы № 5 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Салык консультанты ишин жүргүзүү укугуна аттестация өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябрындагы № 702 токтому менен бекитилген)Положение · 10.10.2012 · № 702
- ПОЛОЖЕНИЕ об аттестационной (квалификационной) комиссии (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 10 октября 2012 года № 702)Положение · 10.10.2012 · № 702
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-октябрындагы № 702 "Аттестациялык (квалификациялык) комиссия жөнүндө жобону жана…Постановление · 19.01.2015 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/204/st-5" title="5-статья - Салык консультанттары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>