# 4-статья. Салыктык консультация берүүнүн максаттары, милдеттери

- Документ: [Салык консультанттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 8-майындагы № 37 "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-191/edition/1111171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык консультанттары жөнүндө, 4-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-4

---

жана принциптери

1. Салыктык консультация берүүнүн максаты - жарандарга жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктарды туура жана мыйзамдуу эсептөөдө жана төлөөдө, өзүнүн салыктык милдеттерин аткарууда жардам берүү, соттордо, укук коргоо органдарында, салык органдарында квалификациялуу кесиптик жардам көрсөтүү жана өкүлчүлүк кылуу.

2. Салык консультантынын милдеттери - ага берилген маалыматтын негизинде кардардын (ишеним көрсөтүүчүнүн) тапшыруусу боюнча жана (же) анын атынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктарды эсептөөдө жана төлөөдө жардам көрсөтүү.

3. Салык консультантынын этикалык жана кесиптик ченемдери жана ал ченемдерди бузуу үчүн жоопкерчилик салыктык консультация берүүнү жөнгө салуучу негизги принциптер болуп саналат. Этикалык жана кесиптик ченемдерге кесиптик даярдык, көз каранды эместик, тууралык, калыстык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбеген башка мыйзамдарды сактоо кирет.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-5)
