# 20-статья. Жоопкерчиликтин түрлөрү

- Документ: [Салык консультанттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 8-майындагы № 37 "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-191/edition/1111171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык консультанттары жөнүндө, 20-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-20

---

1. Ушул Мыйзамдын 19-статьясында көрсөтүлгөн салык консультантынын милдеттерин бузуу үчүн Палатанын башкармалыгы Палатанын мүчөсүнө уставда белгиленген жаза колдонууга укуктуу.

2. Салык консультантын жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү чечимге карата сотко даттанууга болот.

3. Салык консультантын жоопкерчиликке тартуу кардардын (ишеним көрсөтүүчүнүн) күнөөлүү жактын келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүсү жөнүндөгү талап менен сотко кайрылуу укугуна чек койбойт.

4. Салык консультантынын аракеттеринде жазык жосундарынын белгилери табылганда, Палатанын башкармалыгы иштин материалдарын укук коргоо органдарына өткөрүп берет.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-21)
