# 19-статья. Салык консультанттарынын жоопкерчилиги

- Документ: [Салык консультанттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 8-майындагы № 37 "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-191/edition/1111171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык консультанттары жөнүндө, 19-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-19

---

1. Салык консультанты өзүнүн милдеттерин бузгандыгы үчүн:

1) кардарга (ишеним көрсөтүүчүгө) материалдык зыян келтирген туура эмес сунуштар бергендигинен көрүнгөн, салыктык консультация берүүнү кесипке ылайык эмес жүзөгө ашыргандыгы үчүн;

2) кардардын (ишеним көрсөтүүчүнүн) салыктарды төлөөдөн качуусу (жашыруусу) максатында билип туруп мыйзамсыз консультация бергендиги үчүн;

3) кардардын (ишеним көрсөтүүчүнүн) коммерциялык, кызматтык сырын жарыялагандыгы үчүн;

4) Ушул Мыйзамды жана Палатанын уставын башка бузуулар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жекече жоопкерчилик тартат.

2. Салык консультантын ушул Мыйзамда каралган жоопкерчиликке тартуу Салык консультанттарынын палатасы тарабынан жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-20)
