# 15-статья. Кыргыз Республикасынын Салык консультанттарынын палатасы

- Документ: [Салык консультанттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 8-майындагы № 37 "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-191/edition/1111171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык консультанттары жөнүндө, 15-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-15

---

1. Салык консультанттарынын палатасы салык консультанттарынын ага мүчөлүгүнүн жолу менен түзүлүүчү кесиптик бирикме болуп саналат, ушул Мыйзам тарабынан ага салык консультанттарынын кесиптик ишин контролдоо жана кесиптик милдеттерин бузгандыгы үчүн аларды жоопкерчиликке тартуу милдеттери жүктөлөт.

2. Салык консультанттарынын палатасы салык консультанттарынын ишин координациялоо, бирдиктүү стандарттарды иштеп чыгуу, салык консультанттары болууну каалаган адамдарды кесиптик жактан даярдоону жана окутууну уюштуруу, салык консультанттарынын квалификациясын жогорулатуу, салык консультанттарынын Бирдиктүү кесиптик реестрин жүргүзүү, окуу, усулдук окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу, Салык консультантынын этикасынын кодексин бекитүү максатында түзүлөт.

3. Салык консультанттарынын палатасынын мүчөлөрү өздөрүнүн кесиптик ишин жүргүзүүдө өз алдынчалыгын сактап калышат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-16)
