# 11-статья. Салык консультантынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Салык консультанттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 8-майындагы № 37 "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-191/edition/1111171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык консультанттары жөнүндө, 11-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-11

---

1. Салык консультанттары - өздөрүнүн кесиптик ишинде "салык консультанты" кесибинин аталышын пайдаланууга укуктуу.

2. Салык консультанттары болуп саналган аудиторлор жана юристтер "салык консультанты" аталышы менен катар өздөрүнүн кесиптеринин аталышын пайдаланууга укуктуу.

3. Салык консультанттары мамлекеттик органдарга, өздөрүнүн кардарларына (ишеним көрсөтүүчүлөрүнө), үчүнчү жактарга көз каранды болушпайт.

4. Салык консультанттары ишке башка салык консультанттарын, эксперттерди, жардамчы кызматкерлерди тартууга укуктуу, алардын иши үчүн салык консультанттары кардардын (ишеним көрсөтүүчүнүн) алдында жоопкерчиликтүү болушат.

5. Салык консультанттары өздөрүнүн ишин:

1) юридикалык жакты түзбөй туруп, ишкердик ишти жүргүзгөн катталган жеке жак катары;

2) болбосо чарбалык шериктештик же коом формасындагы уюштуруучулук-укуктук юридикалык жак катары жүзөгө ашырууга тийиш.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-12)
