# 1-статья. Салыктык консультация берүү түшүнүгү

- Документ: [Салык консультанттары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/204)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 8-майындагы № 37 "Салык консультанттары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 08.05.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-191/edition/1111171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/204/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык консультанттары жөнүндө, 1-статья (29.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-1

---

1. Салыктык консультация берүү - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салыктарды эсептөөдө жана аларды төлөөдө жарандарга жана юридикалык жактарга көз каранды эмес консультанттар тарабынан квалификациялуу жардам көрсөтүү.

2. Салыктык консультация берүү:

1) өзүнүн кардарларына (ишеним көрсөтүүчүлөрүнө) салык маселелери боюнча өзүнө берилген тапшырманын чегинде консультация берүүнү, бухгалтердик эсеп-кысапты жана отчеттуулукту жүргүзүүдө, салык салуу максаттарында документтер түзүүдө жардам көрсөтүүнү;

2) өзүнүн кардарынын (ишеним көрсөтүүчүнүн) атынан жана анын тапшыруусу боюнча ал ашыкча төлөгөн салык суммаларын кайтарып берүү, Салык кызматынын кызмат адамдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар коюуну;

3) салык салуу маселелери боюнча сотто, салык инспекциясында, салык полициясында, башка укук коргоо органдарында кардардын (ишеним көрсөтүүчүнүн) атынан жана анын тапшыруусу боюнча өкүлчүлүк кылууну;

4) сотто, укук коргоо жана башка органдарда салык салуу жөнүндөгү талаш-тартыштар боюнча көз каранды эмес эксперт катары катышууну;

5) кесипкөйлүккө төп келбеген консультация бергендиги, кесипкөйлүк этиканы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартууну камтыйт.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/204/st-2)
