# 1-2-берене. Лотереялар жөнүндө мыйзамдар

- Документ: [Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203997)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 187 "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 187
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.05.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 мая 2017 года № 78 "О лотереях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111586)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203997/st-1-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4924/edition/802425/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу, 1-2-берене (10.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203997/st-1-2

---

Лотереялар жөнүндө мыйзамдар Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимдерден турат. Лотереяларды түзүүчүлөрдүн жана уюштуруучулардын иши терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) байланышкан жосундардын алдын-алуу, табуу жана бөгөт коюу бөлүгүндө терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.».

3. 2-беренеде:

3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Оюнга катышуу шарттары жана оюнга катышканы үчүн акынын өлчөмдөрү жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген лотереяларды уюштурууга жана өткөрүүгө карата белгиленген формада ченемдер жана талаптар менен телевизордун же компьютердин экранында көрсөтүлүүсү тийиш.»; 6-бөлүгүндө «эреже катары», «кеп учурда» деген сөздөр алып салынсын; 8-бөлүгүндө «жетиштүү» деген сөз алып салынсын; 9-бөлүгүнүн биринчи абзацында «кандайдыр-бир анык» деген сөздөр алып салынсын.

4. 3-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4. Мамлекеттик жана муниципалдык лотереяларды өткөрүү боюнча мамлекеттик иш-кананын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жоболору жана уюштуруу документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилет.».

5. 6-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

6. 8-берененин 1-бөлүгү «текшерүү жолу менен» деген сөздөрдөн кийин «ишкердик субъекттери тарабынан текшерүүлөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык» деген сөздөргө толукталсын.

7. 10-берененин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы «бир нече жолу» деген сөздөрдөн кийин «(эки жолудан ашык)» деген сөздөргө толукталсын.

8. 18-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Лотереялар боюнча отчёттуулуктун тартиби, жүргүзүү шарттары жана формалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. ».

9. 20-берененин 3-бөлүгүндө «токтото турулушу мүмкүн» деген сөздөр «токтотулат» деген сөзгө алмаштырылсын.

10. 21-берененин 1-бөлүгүндө «майып жана жетим балдарды» деген сөздөр «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарды жана жетим-балдарды» деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203997/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203997/st-2)
