# 3-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203996)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 186
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4923/edition/719988/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203996/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 3-берене (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-3

---

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 981-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

«11) башкаруучу компанияларды тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган адамдардын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарын башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга.».

2. 7-берененин 5-бөлүгүндө «Соцфонд тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын ишенимдүү башкаруу келишими түзүлгөн башкаруучу компаниялардын өзүнчө эсебине которулат,» деген сөздөр «башкаруучу компаниялардын ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп берүүгө жатпайт.» деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 12-берененин 12-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 24-беренеде «2012-жылдын 31-декабрына» деген сөздөр «2015-жылдын 31-декабрына» деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 25-берененин 1-бөлүгүндө «2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарынан сырткары» деген сөздөр «2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктун кошпогондо» деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-4)
