# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203996)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 186
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4923/edition/719988/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203996/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 2-берене (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-2

---

«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 22-статьянын 5-пунктунда «Жеке камсыздандыруу эсебиндеги» деген сөздөр «Жеке камсыздандыруу эсебинин агартуу бөлүгүндө эсепке алынган» деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 32-статьянын 1-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1-1. Камсыздандырылган адам каза болгон учурда жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолору Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык мураскорлорго төлөнөт. Ката болгон камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоолорунан мураскорлорго пенсиялык төлөмдөрдү берүүнүн мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Каза болгон камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолорун алууга укуктуу мураскорлору болбогондо мураскорлук ачылган күндөн тартып бир жыл бүткөндөн кийин ал каражаттар Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондунда калат.».

3. 33-статьянын 3-пунктунда «топтоочу пенсиялык фонддор иштеп чыккан жана бекиткен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген» деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-3)
