# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203996)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 186
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4923/edition/719988/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203996/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (16.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст., 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 99-статьянын 1-бөлүгүндө:

үчүнчү абзацы «мезгил үчүн» деген сөздөрдөн кийин «, жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммалары боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; бешинчи абзацы «төртүнчү кезекте» деген сөздөрдөн кийин «милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн негизги суммаларын кошпогондо,»деген сөздөр менен толукталсын.

2. 221-статья төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толукталсын:

«милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын төлөө тууралуу талаптарына.».

3. 854-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Кыймылдуу мүлккө таандык болгон предметтер жана түрдүк белгилери менен аныкталган айрым буюмдар (31-статья), ошондой эле төмөнкүлөрдү кошпогондо, акча ишенимдүү башкаруунун өз алдынча объекти боло албайт:

- акча ишкананын же мүлк комплексинин курамында гана болгондо;

- акча ишенимдүү башкаруу менен байланышкан иштер боюнча эсептешүү катары чыкканда;

- акча пенсиялык топтоо каражаттары катары чыкканда.».

4. 1120-статьянын 2-пунктунун 4-пунктчасы «эмгек жана» деген сөздөрдөн мурда «топтолуучу пенсиялык фонддордон пенсиялык топтоолордун каражаттарына укуктарды кошпогондо,» деген сөздөр менен толукталсын.

5. 1166-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

«5. Мураскорлор тарабынан талап кылынбаган мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиялык топтоолордун каражаттары ээсиз-ээликсиз деп таанылышы мүмкүн эмес. Пенсиялык топтоолордун көрсөтүлгөн каражаттарына «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясында каралган аракеттер колдонулат.».

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203996/st-2)
