# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203995)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203995/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4922/edition/1119866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203995/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203995/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 368-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«368-берене. Салык мезгили

Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо бир календардык жыл контракттын негизиндеги салыктык милдеттерди аткаруу үчүн салык мезгили болуп саналат. Жылдын ичинде салыктык контракттын негизинде салык төлөөгө өтүүчү коомдук тамактануу субъекттери үчүн салыктык контракттын негизинде салыкты төлөөгө салык төлөөчү өткөн айдан тартып жана ошол жылдын аягына чейинки мезгил салыктык мезгил болуп саналат.».

2. 369-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Ишти 3 айдан ашык жүзөгө ашырган коомдук тамактануу субъекттери кайсы айда болбосун салык контрактын түзүүгө укуктуу.».

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203995/st-2)
