# КР 2013-жылдын 3-августундагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203995>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4922/edition/1119866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203995.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 184 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203995

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 3-августу № 184 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203995/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 368-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«368-берене. Салык мезгили

Ушул беренеде каралган учурларды кошпогондо бир календардык жыл контракттын негизиндеги салыктык милдеттерди аткаруу үчүн салык мезгили болуп саналат. Жылдын ичинде салыктык контракттын негизинде салык төлөөгө өтүүчү коомдук тамактануу субъекттери үчүн салыктык контракттын негизинде салыкты төлөөгө салык төлөөчү өткөн айдан тартып жана ошол жылдын аягына чейинки мезгил салыктык мезгил болуп саналат.».

2. 369-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Ишти 3 айдан ашык жүзөгө ашырган коомдук тамактануу субъекттери кайсы айда болбосун салык контрактын түзүүгө укуктуу.».

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203995/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
