# КР 2013-жылдын 3-августундагы № 185 ""Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 185 ""Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 185
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203994>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4921/edition/477838/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203994.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 185 ""Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (03.08.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203994

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 3-августу № 185

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203994/st-1)

«Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 15-статьянын 1-пунктунда «мыйзамдарында же башка нормативдик укуктук актыларында белгиленген нормаларга жана эрежелерге» деген сөздөр «ченемдик укуктук актыларына» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 50-статьяда «башка маалыматтарды» деген сөздөр «ушул Мыйзамдын 8-10-статьяларында каралган маалыматтарды» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 52-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында «келтирилген зыяндын өлчөмүн жана башка жагдайларды эске алуу менен» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине ылайык» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203994/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
