# 5-берене. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча иштердин негиздери

- Документ: [Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203992)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 183 "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4920/edition/1245802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203992/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө, 5-берене (13.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-5

---

1. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги багыттарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктайт.

2. Мекендештерге карата адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мамлекеттер менен кызматташуу программасы тигил же бул мамлекеттин адамдын жана жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана нормаларын сактоону эске алуу менен иштелип чыгылат, кабыл алынат жана жүзөгө ашырылат.

4. Чет өлкөдө жашаган Кыргыз Республикасынын жаранын дискриминациялоо мындай дискриминацияны жүргүзгөн чет өлкөлүк мамлекетке карата Кыргыз Республикасынын саясатын кайра кароо үчүн негиз боло алат.

5. Мекендештерге карата адамдын жана жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери чет өлкөлүк мамлекет тарабынан сактабаганда мекендештердин кызыкчылыгын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары эл аралык укуктун ченемдеринде каралган чараларды кабыл алуу үчүн жетиштүү деңгээлде негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-6)
