Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча иштердин негиздери
Күчүндө · 13.03.2023 редакциясы
1. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негизги багыттарын Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аныктайт.
2. Мекендештерге карата адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мамлекеттер менен кызматташуу программасы тигил же бул мамлекеттин адамдын жана жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана нормаларын сактоону эске алуу менен иштелип чыгылат, кабыл алынат жана жүзөгө ашырылат.
4. Чет өлкөдө жашаган Кыргыз Республикасынын жаранын дискриминациялоо мындай дискриминацияны жүргүзгөн чет өлкөлүк мамлекетке карата Кыргыз Республикасынын саясатын кайра кароо үчүн негиз боло алат.
5. Мекендештерге карата адамдын жана жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери жаатындагы эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери чет өлкөлүк мамлекет тарабынан сактабаганда мекендештердин кызыкчылыгын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары эл аралык укуктун ченемдеринде каралган чараларды кабыл алуу үчүн жетиштүү деңгээлде негиз болуп саналат.
Берененин тексти 13.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203992/st-5" title="5-берене - Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>