Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Маалымат жаатында мекендештерди колдоо
Күчүндө · 13.03.2023 редакциясы
1. Кыргыз Республикасы мекендештердин маалыматтарды алуусун жана таркатуусун, алар жашаган мамлекеттин аймагында кыргыз тилинде маалыматтардын пайдалануусун, жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүүсүн, алар жашаган мамлекеттердин ортосунда, мекендештер менен Кыргыз Республикасынын ортосунда маалыматтык байланыштарды колдоону жана өнүктүрүүнү колдойт.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары мекендештерге карата жана алар жашаган мамлекеттердеги мекендештердин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын ишке ашыруу тууралуу маалыматтарды жайылтуу боюнча чараларды кабыл алат.
3. Кыргыз Республикасы ички мамлекеттик мүнөздөгү чараларды кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү жолу менен мекендештерге эне тилинде телекөрсөтүү жана радиоуктуруу аркылуу Кыргыз Республикасынан маалыматтарды мекендештерге берүү, мезгилдүү жана башка басма сөз басылмаларын, кинопродукцияларды, аудио жана көрмөматериалдарды таркатуу үчүн зарыл шарттарды түзөт.
4. Кыргыз Республикасы мекендештерди маалымат менен камсыз кылууну ишке ашырган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына бул милдеттерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жана материалдык техникалык каражаттарды берет.
5. Кыргыз Республикасы мекендештерге таандык жалпыга маалымдоо каражаттарына Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ошол жалпыга маалымдоо каражаттары иштеп жаткан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык колдоо көрсөтөт.
Берененин тексти 13.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203992/st-12" title="12-берене - Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>