# 11-берене. Маданият, тил жана билим берүү жаатында мекендештерди колдоо

- Документ: [Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203992)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 183 "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4920/edition/1245802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203992/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө, 11-берене (13.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары мекендештердин өз алдынчалыгынын ажырагыс элементтеринен болуп саналган алардын маданий мурастарын жана кыргыз тилин сактоо, бардык деңгээлде тең укуктуу билим алуу ишинде мекендештерди колдойт жана бул максаттарда чет мамлекеттердин мыйзамдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү аракеттерди көрүшөт.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары чет мамлекеттердеги мекендештердин улуттук-маданий коммерциялык эмес уюмдары менен ар тараптуу кызматташууну жүзөгө ашырат.

3. Маданий, илимий жана маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн мекендештерге Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги илим жана маданий борборлорун пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилет.

4. Өздөрүнүн маданий мурастарын сактоодо жана өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары мекендештерге көмөктөшүү максатында:

1) мекендештердин маданий борборлоруна, маданий-агартуу уюмдарына, китепканаларга, архивдерге, музейлерге, театрларга, музыкалык жана хореографиялык ансамблдерге, көркөм студияларга жана башка кесипкөй жана ышкыбоз чыгармачыл жамааттарга жардам көрсөтөт;

2) мекендештердин маданий мурастарын окуп үйрөнүүгө көмөктөшөт;

3) Кыргыз Республикасы менен мекендештердин ортосундагы маданий алмашуулардын бардык түрлөрүнө көмөктөшөт.

5. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекендештердин кыргыз тилин билүүсүн сактап калууга, кыргыз тилин, кыргыз элинин тарыхын жана маданий мурастарын окуп үйрөнүү үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшөт.

6. Чет өлкөлүк жарандарды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен окутууга жана квалификациясын жогорулатууга кабыл алуунун квотасы белгиленген учурда милдеттүү түрдө мекендештердин кызыкчылыктары эске алынат.

7. Мекендештердин укуктары жана кызыкчылыктары эске алынган билим берүү мейкиндигин түзүү максатында Кыргыз Республикасы алар жашаган мамлекеттер менен билим берүү чөйрөсүндө макулдашылган саясатты иштеп чыгуу багытын жүргүзөт; билими, илимий даражасы жана илимий наамы тууралуу документтердин эквиваленттүүлүгүн таануу жана белгилөө жөнүндө эл аралык келишимдерди түзөт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-12)
