# 10-берене. Мекендештерди экономикалык жана социалдык жактан колдоо

- Документ: [Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203992)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 183 "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 13 марта 2023 года № 56 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах государственной политики по поддержке соотечественников за рубежом""](https://aqlex.ai/kg/doc/112535)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203992#diff=1245802..1245803>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4920/edition/1245802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203992/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө, 10-берене (13.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-10

---

1. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын чарбакер субъектилерин мекендештердин чарбакер субъектилери менен кызматташуусун стимулдаштырууга, биргелешкен ишканаларды, жамааттарды жана коомдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестициялоого мекендештердин катышуусуна көмөктөшүүгө, менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын көпчүлүгүндө мекендештер иштеген чет өлкөлүк ишканалар менен байланышын кеңейтүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык алардын ортосундагы өз ара пайдалуу кооперацияны өнүктүрүүгө милдеттүү.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекендештердин социалдык жактан корголбой калган категорияларына социалдык жактан колдоо көрсөтө алат.

3. Өзгөчө кырдаалга кабылган мекендештерге гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген шарттарда жана тартипте берилиши мүмкүн.

(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-11)
