# 1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203992)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 183 "Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 13 марта 2023 года № 56 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об основах государственной политики по поддержке соотечественников за рубежом""](https://aqlex.ai/kg/doc/112535)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203992#diff=1245802..1245803>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4920/edition/1245802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203992/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө, 1-берене (13.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-1

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) чет өлкөлөрдөгү мекендештер (мындан ары - мекендештер) - Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары убактылуу же туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;

2) диаспора - Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган, жашап жаткан өлкөдө ынтымактуу жана туруктуу этностук топту түзгөн элдин бөлүгү (этностук жалпылык);

3) жарандык таандыктыгы - Кыргыз Республикасынын же чет өлкөлүк мамлекеттин букарасы же жараны болуу.

(КР 2023-жылдын 13-мартындагы N 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөндөгүлөрдү таанууга негизделет:

1) адамдын жана жарандын төрөлгөндөн берки негизги укуктарынын жана эркиндиктеринин ажырагыстыгын жана ар бирине таандуулугун;

2) мекендештердин жарандык, саясий социалдык, экономикалык, маданий жана башка укуктарын жана эркиндигин, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери менен ченемдерине ылайык алардын жашап турган мамлекеттеги мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуунун зарылдыгын;

3) мекендештердин укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатында мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүнү.

3. Мекендештерге карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максаты мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерине жана нормаларына, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруу жана камсыз кылуу боюнча чет өлкөлүк мамлекеттердин мыйзамдарын, анын ичинде төмөндөгү укуктарды эсепке алуу менен жардам көрсөтүү болуп саналат:

1) өздөрүнүн кайталангыс өз алдынчалыгын ээн-эркин билдирүү, сактоо жана жүзөгө ашыруу, руханий жана интеллектуалдык потенциалын колдоо жана өнүктүрүү;

2) мекендештердин ортосундагы ар тараптуу байланышты жана Кыргыз Республикасы менен байланышты орнотуу жана ээн-эркин колдоо, Кыргыз Республикасынан маалыматтарды алып туруу;

3) коммерциялык эмес улуттук-маданий уюмдарды, жалпыга маалымдоо каражаттарын түзүү жана алардын ишине катышуу;

4) улуттук жана эл аралык деңгээлде коммерциялык эмес уюмдардын ишине катышуу;

5) жашап турган мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүгө катышуу;

6) жашап туруучу жерлерди ээн-эркин тандоо же Кыргыз Республикасына кайтып келүү укугун ишке ашыруу.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203992/st-2)
