# КР 2013-жылдын 3-августундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 182
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203991>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4919/edition/1022235/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203991.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 3-августундагы № 182 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (24.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203991

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 3-августу № 182 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө (КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75, 2020-жылдын 24-августундагы № 143 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203991/st-1)

(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203991/st-2)

«Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., №12, 502-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 6-статьянын 2-пунктунда: биринчи абзацы «Жогорку окуу жайын бүтүргөн,» деген сөздөрдөн кийин «жана «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясынын талаптарына ылайык келген,» деген сөздөр менен толукталсын; үчүнчү абзацында «анык аскер кызматын өтөгөн же» деген сөздөр алып салынсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203991/st-3)

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 7-статьянын 2-бөлүгүндө «окуган адамдарды кошпогондо),» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөгөн, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өткөн, же үй-бүлөлүк абалдан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөгөн» деген сөздөр менен толукталсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203991/st-4)

(КР 2020-жылдын 24-августундагы № 143 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203991/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А. Атамбаев
