# КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы 2014-жылдын 31-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Ч.Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы 2014-жылдын 31-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Ч.Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20399>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1399/edition/499960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20399.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы 2014-жылдын 31-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Ч.Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (31.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20399

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 31-январы № 16

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.Ч.Сулаймановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73 жана 77-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата-Журт” идеалисттик-демократиялык партиясынан шайланган депутат Сулайманов Нурлан Чолпонбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сулайманов Нурлан Чолпонбаевичтин №017 күбөлүгү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төраганын ыйгарым укукарын аткаруучу

А. Шайымкулова
