# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203987)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203987/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4915/edition/1236244/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203987/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 5-берене (27.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203987/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мамлекеттик тилдеги мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү түрүндөгү «статья» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «берене» деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 40-статьянын 3-бөлүгүндөгү «өздөрүнүн компетенцияларына ылайык жалпы юрисдикциядагы соттор же арбитраждык соттор карашат» деген сөздөр «сот карайт» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 75-статьянын 4-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

«- тийиштүү мамлекеттик органдарга жактарды тартиптик, администрациялык жана аларга жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү материалдарды жөнөтүүгө, токой чарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доолорду берүүгө;».

4. 94-статьяда:

1-бөлүктөгү «, алардын компетенцияларына ылайык жалпы юрисдикциялык соттор же арбитраждык соттор» деген сөздөр «сот» деген сөз менен алмаштырылсын; 2-бөлүктөгү «жана арбитраждык соттордо» деген сөздөр алып салынсын.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203987/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203987/st-6)
