5-берене
Күчүндө · 27.06.2025 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мамлекеттик тилдеги мыйзамдын бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү түрүндөгү «статья» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «берене» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 40-статьянын 3-бөлүгүндөгү «өздөрүнүн компетенцияларына ылайык жалпы юрисдикциядагы соттор же арбитраждык соттор карашат» деген сөздөр «сот карайт» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 75-статьянын 4-бөлүгүнүн бешинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«- тийиштүү мамлекеттик органдарга жактарды тартиптик, администрациялык жана аларга жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндөгү материалдарды жөнөтүүгө, токой чарбасына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө сотко доолорду берүүгө;».
4. 94-статьяда:
1-бөлүктөгү «, алардын компетенцияларына ылайык жалпы юрисдикциялык соттор же арбитраждык соттор» деген сөздөр «сот» деген сөз менен алмаштырылсын; 2-бөлүктөгү «жана арбитраждык соттордо» деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 27.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203987/st-5" title="5-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>