1-берене
Күчүндө · 30.07.2013 редакциясы
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьянын сегизинчи абзацында стандартташтырууну, сертификациялоону" деген сөздөр алып салынсын.
2. 11-статьянын 2-бөлүгүндө "ченөөлөрдүн тактыгынын белгиленген мамлекеттик стандарттарына жана ченемдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 12-статьяда:
1-бөлүгүндө "Энергияны керектөөчү продукциянын мамлекеттик стандарттарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган жана энергияны керектөөчү продукция маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16-статья. Продукциянын энергиялык натыйжалуулугунун шайкештигин белгилөө
Кандай болбосун арналыштагы энергия керектөөчү продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган ченемдик укуктук актыларда белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.".
Берененин тексти 30.07.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Энергияны үнөмдөө жөнүндөЗакон · 07.07.1998 · № 88
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203984/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>