# КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203984>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4912/edition/477813/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203984.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 175 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203984

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 30-июлу № 175

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203984/st-1)

"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статьянын сегизинчи абзацында стандартташтырууну, сертификациялоону" деген сөздөр алып салынсын.

2. 11-статьянын 2-бөлүгүндө "ченөөлөрдүн тактыгынын белгиленген мамлекеттик стандарттарына жана ченемдерине" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 12-статьяда:

1-бөлүгүндө "Энергияны керектөөчү продукциянын мамлекеттик стандарттарына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган жана энергияны керектөөчү продукция маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.

4. 16-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16-статья. Продукциянын энергиялык натыйжалуулугунун шайкештигин белгилөө

Кандай болбосун арналыштагы энергия керектөөчү продукция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алган ченемдик укуктук актыларда белгиленген милдеттүү талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203984/st-2)

"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 647-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 7-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, алып кирилген жана сатылган тамак-аш продукциялары тиешелүү техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.".

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203984/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203984/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
