# 1-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203983)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 174 ""Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 174
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203983/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4911/edition/477811/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203983/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу, 1-берене (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203983/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 12, 524-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын "Коргоо жөнүндө" Мыйзамына" деген сөздөр "коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 2-статьянын 1-пунктунда "Коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу башка мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 4-5-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысы болуу менен:

1) Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдыктын жана мобилизациянын максаттарын жана милдеттерин аныктайт;

2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча мобилизациялык даярдык жана мобилизация жаатындагы кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге кол коет;

3) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына агрессия жасалганда эле түздөн-түз агрессия коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана токтоосуз бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

---

Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/203983/st-5)
