# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203980)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 171 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203980/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4908/edition/507889/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203980/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө, 2-берене (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203980/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 377-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 378-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бир" деген сөз "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын; 4-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үчтөн алты" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын: "Алкоголдук, баңгилик же токсикомандык мас абалында адам ок атуучу курал алып жүрсө, - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, ага тете кызмат адамы тарабынан жасалса, - эки жылга чейинки мөөнөткө же анысы жок ок атуучу курал сатып алуу, сактоо жана алып жүрүү укугунан ажыратуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга келет. Эскертүү: Алкоголдук, баңги каражаттары, психотроптук же болбосо башка акылдан ажыратуучу заттарга мас болуу абалын белгилөө үчүн күбөлөндүрүүгө жиберүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

3. 379-статьянын экинчи абзацында "бир" деген сөз "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 380-статьянын экинчи абзацында "эки" деген сөз "экиден беш" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 381-статьянын экинчи абзацында "үчтөн беш" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 382-статьяда:

1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "экиден беш" деген сөздөр "ондон жыйырма" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203980/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203980/st-3)
