# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 31-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 31-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1398/edition/520801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 31-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу" токтому (31.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20398

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2014-жылдын 31-январы № 15

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндөгү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

Жергиликтүү кеңештердин сессияларынын токтомдору менен айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары токтотулган. Ал токтомдордун негизинде аймактык шайлоо комиссиялары «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун алган, шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге жана пропорциялуу система боюнча саясий партиялардын тизмелериндеги депутат болуп шайлангандардан кийин катталган талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү кеңештердин №1 тиркемеде аталган депутаттарын шайланган депутат деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көрсөтүлгөн токтомдорунун бөлүктөрү бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. Жергиликтүү кеңештердин №1 тиркемеде аталган депутаттарынын каттоосу бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин №1 тиркемеде аталган депутаттарынын ырастамалары бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Аймактык шайлоо комиссияларынын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” №2 тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. №2-тиркемеде аталган талапкерлер бул токтом жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастаманы жана төш белгини берсин.

7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

Төраганын ыйгарым укуктарын аткаруучу

А. Шайымкулова

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 31-январындагы № 15- токтомунун № 1 тиркемеси

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттары

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутатты таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Майлуу-Суу шаары

1

Майлуу-Суу шаардык кеңеши

Абдуллаева Гульмира Капаровна

Өз каалоосу менен арыз жазган

№ 146, 5.09.2013

Ала-Бука району

2

Ала-Бука

Саттаров Адхамжан Тешебаевич

Өз каалоосу менен арыз жазган

№ 152, 15.12.2012

Чаткал району

3

Чаткал

Мусабеков Абдиваит Абдыкеримович

Себепсиз 6 жолу сессияга келбегендиги үчүн

№ 152, 15.12.2012

Токтогул району

4

Чолпон-Ата

Абдыгулов Туратбек Алыкулович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 152, 15.12.2012

5

Жаңы-Жол

Асылбеков Урматбек Айтмырзаевич

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№ 152, 15.12.2012

Ысык-Көл облусу

Балыкчы шаары

6

Балыкчы шаардык кеңеши

Медеркулов Таалайбек Жекшенкулович

Өз калоосу менен арыз жазган

№ 53, 28.03.2012

7

Мамбетова Нургүл Сапаровна

Мамлекеттик кызматка өткөн

Ош облусу

Чоң-Алай району

8

Жекенди

Султанов Исматилла Микрамович

Өз каалоосу менен арыз жазган

№ 155, 15.12.2012

9

Кашка-Суу

Бакиров Рашид Мамазакирович

Себепсиз 7 жолу сессияга келбегендиги үчүн

10

Кааров Жусупбек Төлөнович

Өз каалоосу менен арыз жазган

№ 157, 16.10.2013

Чүй облусу

Москва району

11

Биринчи май

Суюндуков Азамат Джумаханович

Кыргызстандын чегинен чыгып кеткен

№ 157, 15.12.2012

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 31-январындагы № 15- токтомунун № 2 тиркемеси

Жергиликтүү кеңештердин кийинки шайланган депутаттары

№

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Майлуу-Суу шаары

1

Майлуу-Суу шаардык кеңеши

Долотов Майрамбек Маматжанович

Майлуу-Суу коледжи, эсепчи

№ 1, 21.12.2013

Ала-Бука району

2

Ала-Бука

Жороева Феруза Кахаржоновна

ҮДТ, медсестра

№ 1, 16.01.2014

Чаткал району

3

Чаткал

Назарматов Сапаралы Кудайбердиевич

"Жанчар" сакчы агенствосу, сакчы

№ 8, 21.01.2014

Токтогул району

4

Чолпон-Ата

Осмоналиев Тагайбек Мамыркулович

№ 15 Даңканай атынд. о.м., Мугалим

№ 8, 22.01.2014

5

Жаңы-Жол

Долдоев Эркиналы Рыскулович

№ 8 А.Иманбаев атынд. о.м., Мугалим

№ 9, 22.01.2014

Ысык-Көл облусу

Балыкчы шаары

6

Балыкчы шаардык кеңеши

Коеналиев Алтынбек Башыбекович

Иштебейт

№ 3, 16.01.2014

7

Джеенбаев Курманбек Тентимишович

Балыкчы ШБББнын профкомунун төрагасы

Ош облусу

Чоң-Алай району

8

Жекенди

Сарыкулов Турдали Карабаевич

д/ч мүчөсү

№ 11, 21.01.2014

9

Кашка-Суу

Айдаров Досмамат Мусаевич

Иштебейт

№ 12, 21.01.2014

10

Калбаева Бузарбап Касымовна

Жеке ишкер

№ 13, 21.01.2014

Чүй облусу

Москва району

11

Биринчи май

Раимжанов Эльдияр Дуйшенбекович

Москва РЭС, электро монтер

№ 7, 24.01.2014
