# КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 169
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.02.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203978>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4906/edition/858786/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203978.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.02.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (19.02.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203978

---

КР 2024-жылдын 19-февралындагы № 52 Мыйзамына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 30-июлу № 169 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203978/st-1)

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203978/st-2)

(КР 2017-жылдын 24-январындагы N 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203978/st-3)

"Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 8 378-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 1-статьяда:

1-бөлүгүндө ", ички иштер органдары жана башка мамлекеттик органдар" деген сөздөр "кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө "же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка өкүлчүлүктүү органынын" деген сөздөр алынып салынсын.

2. 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Аксакалдар сотунун курамына элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, айылдардын, шаарчалардын жана шаарлардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары шайлана алышат.".

3. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы "е" пункту менен толукталсын:

"е) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча.".

4. 18-статьянын "в" пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"в) сот, прокурор жана кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилген материалдар;".

5. 28-статьянын 1-бөлүгүнүн "д" пунктунда "Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эң төмөнкү үч айлык акыга чейинки өлчөмүндө" деген сөздөр алып салынсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203978/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
