# КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 168 ""Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 168 ""Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203977>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4905/edition/477875/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203977.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 168 ""Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамы (30.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203977

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 30-июлу № 168

"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203977/st-1)

"Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 337-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 2-берене төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"- атаандаштыкты чектөөгө жана базарды монополизациялоого жол бербөө;".

2. 4-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- атаандаштыкка таасир этүүнүн күтүлгөн натыйжаларына баа берүүнү;".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203977/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
