# 7-берене. Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддордун көз карандысыздыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203976)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 167 "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 45 "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4904/edition/940802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203976/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө, 7-берене (12.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-7

---

1. Гарантиялык фонддор ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен берилген компетенциясынын чегинде ишин өз алдынча уюштурат жана ишке ашырат.

2. Мамлекеттик бийликке жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, гарантиялык фонддордун ишине байланышкан маселелерди чечүүдө кандай гана формада болбосун кийлигишүүгө тыюу салынат.

3. Кызмат көрсөткөндүгү үчүн сыйакы төлөөнүн өлчөмү кардар менен түзүлгөн келишимге ылайык гарантиялык фонд тарабынан өз алдынча аныкталат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-8)
