# 6-берене. Гарантиялык фонддордун филиалдары жана өкүлчүлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203976)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 167 "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 45 "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4904/edition/940802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203976/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө, 6-берене (12.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-6

---

1. Юридикалык жак болуп саналбаган, башкы гарантиялык фонд турган жерден тышкары жайгашкан жана операциялардын бүтүндөй жана/же бир бөлүгүн гарантиялык фонд бекиткен жобонун негизинде ишке ашырган жана ага гарантиялык фонд берген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенген обочолонгон бөлүмчө гарантиялык фонддун филиалы болуп саналат.

Филиалдын гарантиялык фонд менен бирдиктүү капиталы, балансы, ошондой эле гарантиялык фонддун аталышына толук дал келген жана "филиал" деген сөздү кошуу менен аталышы болот.

2. Юридикалык жак болуп саналбаган, гарантиялык фонддун кызыкчылыктарын коргогон жана билдирген, гарантияларды (кепилдиктерди) берүүдөн тышкары, анын атынан бүтүм жана башка иш-аракеттерди жасаган анын обочолонгон бөлүмчөсү гарантиялык фонддун өкүлчүлүгү болуп саналат.

3. Гарантиялык фонддордун филиалдарынын жана/же өкүлчүлүктөрүнүн иш-аракеттери гарантиялык фонддордун иш-аракеттери катары каралат, болгондо да аларды түзгөн гарантиялык фонд филиалдын жана/же өкүлчүлүктүн иш-аракеттерине толук жоопкерчиликти алып жүрөт.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-7)
