# 11-берене. Гарантиялардын (кепилдиктердин) берилиши

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203976)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 167 "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 45 "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4904/edition/940802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203976/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө, 11-берене (12.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-11

---

1. Гарантиялык фонд тарабынан кепилдиктерди берүү Баалоо комиссиясынын чечиминин негизинде ушул Мыйзам жана гарантияларды берүү регламенти менен аныкталган тартипте жана шарттарда гарантиялык фонддун, финансы-кредиттик мекеменин жана чакан жана орто ишкерликтин субъектисинин ортосунда гарантиялык (кепилдик) келишимин түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.

2. Баалоо комиссиянын курамы гарантиялык фонддордун катышуучулары тарабынан аныкталат. Баалоо комиссиясынын мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө гарантиялык фонддордун жогорку башкаруу органдары тарабынан дайындалат.

3. Гарантиялык фонддун гарантиясы (кепилдиги) менен камсыз кылынуучу чакан жана орто ишкердиктин субъектилеринин милдеттенмелерин тандоо жана ушул субъекттерге талаптар ушул Мыйзамда жана гарантиялык фонддун уставында белгиленген тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.

4. Банк гарантиялык фондунан гарантияларды (кепилдиктерди) гарантиялык фондунун жана финансы-кредиттик мекемесинин ортосундагы макулдашуу боюнча белгиленген мультипликатордун коэффициенти боюнча кабыл алат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-12)
